Түркмөнстанда пенсионерлер тийиштүү мекемеге барып, тирүү экендигин далилдеп турбаса пенсия берилбейт

Түркмөнстанда пенсия курагындагы кары адамдар маал-маалы менен жергиликтүү бийликке өздөрүнүн тирүү экени тууралуу маалымат берип туруусу керек. Бул тартип ушул жылдын жаз айында пенсия боюнча реформада жаңы киргизилген. Ага ылайык, Түркмөнстандагы бардык пенсионерлер тийиштүү мекемеге барып "мен тирүүмүн" деген маалыматты далилдеп туруусу шарт.

Белгилүү болгондой, бул тартиптин киргенине жарым жылдай болгон. Бирок пенсионерлердин баарынын эле андан маалыматы жок. Качан гана пенсионердин эсебине акча түшпөй калганда алар бул тартип тууралуу билишет. Анткени социалдык камсыздоо бөлүмүнө келбей койгон пенсионерлердин эсебине акча которулбайт.

Мындай тартиптин келип чыгышына себептер бар. Бир учурда пенсионерлердин эсептерине көп акчалар которулуп, бирок текшерүүнүн жыйынтыгында пенсионерлердин арасынан көзү өтүп кетсе да акча которулуп, жакындары тарабынан пайдаланылып жүргөнү аныкталган.

Бирок пенсионерлер мындай жаңы чыккан тартиптер тууралуу маалыматтар өз убагында жеткирилбей жатканына нааразы. Буга чейин дагы пенсионерлердин акчалары почталардан колго эмес, банктан ачылган эсептерине которулуп турары боюнча маалымат өз учурунда таратылган эмес.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitun
2018-11-30 21:50:33
Ушу Турмонстандын призденти тушуно киргенин деле закон кылып чыгара берет окшойт. Тан каламда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан