АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Аргентинада боло турган жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Керч кырсыгында орусиялык кемелер украиналык кемелерди аткылап, аскерлерди кармап алышкандан кийин АКШнын лидери Москванын кадамын "агрессия" деп атады.
Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын кемелери жана деңиз аскерлери өз мекенине коё берилбегендиктен "менин буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп менен белгиленген жолугушуумду токтотуп турса туура болот" деп айтты.
25-ноябрда украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын белгиленген. Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин кармап кеткен.