"Быйыл 8 айда өлкөгө мигранттардан 1 миллиард 844 миллион доллар которулду" дейт депутат

Кечээ, 30-ноябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграциясынын учурдагы абалы талкууланды. Фракция лидери Жыргалбек Турускуловдун айтымында, 2017-жылы мигранттардан 2 миллиард 83 миллион доллар которулса, 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгында 1 миллиард 844 миллион доллар келип түшкөн.

Ошондой эле Кыргыз мамлекетине иштегени келген чет элдик жарандардын саны өсүп жаткандыгы жана алардын улуттук мыйзамдарды бузуп, жоопкерчиликке тартылышы белгиленди. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген чет элдик мигранттардын саны 274 миң 700 адам болсо, 2018-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 380 миң адамды түзгөн.

Эл өкүлдөрү Орусиядагы Кыргыз мигранттарын “кара тизмеден” чыгаруу боюнча аткаруу бийлигинин ишин начар деп баалашты. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов учурда миграция чөйрөсүндө аракеттеги мыйзамдарга анализ жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан