АКШнын 41-президенти Жорж Буш 94 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жорж Буш 1989-1993-жылдар аралыгында АКШнын президенти болгон.
Быйыл 17-апрелде анын жубайы Барбара Буш дүйнө салган. Жорж Буш менен 16 жашында балаты майрамында таанышып, түгөйлөр 1945-жылы баш кошкон. Алардын 5 баласы, 17 небере, 7 чөбөрөсү бар.