2011-жылы 1-декабрда шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен.
Алмазбек Атамбаев президенттик антын Кыргыз улуттук филармониясында берген. Салтанатта ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылып, президенттик кызматка киришүү аземине Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов,Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышкан.
Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында кызмат ордун шайлоодон жеңип келген Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген.