Бишкек шаарынан Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып, туугандары келгиче зордукталган 18 жаштагы кыздын окуясы боюнча соттун өкүмү 7-декабрда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
Маалыматка ылайык, өкүмдү Ленин райондук соту чыгарат.
"28-ноябрда болгон сотто негизи өкүм чыгышы керек эле. Бирок 7-декабрга жылып калды. Ал эми буга чейин жабыр тарткан тарап моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн кошумча доо арыз менен сотко кайрылган. Зыян жактоочулар тарабынан 500 миң сомго бааланган. Мындан улам 28-ноябрда болгон соттук отурумга айыпталуучу тарап жабырлануучуларга 400 миң сом акча берди. Ошондой эле зордуктоого шектелген жарандын туугандары элдешүү максатында ортого киши салып, кыздын жакындарынан кечирим сурап жатышканы да белгилүү болду. Бирок эки тарап кандай чечимге келишет учурда белгисиз", - деди Абдирасулова.
10-июнда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат маалымат жыйында айтып чыккан. Ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.