Орус-Украин кризиси: Путин Порошенко менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Орусиянын президенти Владимир Путин Керч кысыгы боюнча Пётр Порошенко менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Порошенко France 24 телеканалына берген маегинде Орус-Украин мамилеси тууралуу Владимир Путин менен сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты.

Порошенко Керч кысыгы боюнча Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. "Мен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн бардык форматына даярмын. Бирок Путин сунушту жоопсуз калтырды" деди Порошенко.

Украин президенти Орусия Керч кысыгы боюнча маселеде эл аралык укуктук нормаларды бузуп жатканын кошумчалады.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да Порошенко тарабынан сүйлөшүү сунушу келгенин айтып, бирок ал орундалбаганын белгиледи.

25-ноябрда Орусия Украинанын 3 кораблин "мамлекеттик чек араны бузду" деп колго түшүрүшкөн. Кораблда болгон 24 адам тең сот тарабынан 2 айга камакка алынган. Украина муну "агрессия" деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Altyn2017
2018-12-03 09:25:15
Путин бирдемени коргону калды да ушу тынч эле болушсунда.
-4
souza.j
2018-12-03 09:39:05
Altyn2017,Порошенконун колунан эч нерсе келбейт.коркпой эле болот
0
Kojosh80
2018-12-03 10:33:09
Путин Порошенкодон баш тартып, Трамп Путинден баш тартып
+2
bekmaral
2018-12-03 13:27:51
Kojosh80,Жалан баш тартышмай экен да э.
+2
Apyn8793
2018-12-03 16:35:23
Мен Москвадамын да , менден коркушканы учун Россияга ачык кол сала албай ушинтип Украинаны колдонуп атышат.))))))))
0
souza.j
2018-12-04 10:44:25
Apyn8793,сен кыргызстанга кел анда биякта кытайлар басып келе жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан