Бириккен Араб Эмирлиги 167 мамлекет менен визасыз режим тартибин киргизген. Бул менен аталган өлкө 2018-жылы паспортунун күчтүүлүгү боюнча дүйнөдө лидер аталды. Мындай рейтингди Passport Index уюму сайтына жарыялады.
Маалыматка караганда, экинчи орунду Сингапур менен Германия ээлеген.
"Үчүнчү орунда болсо Дания, Швеция, Финляндия, Люксембург, Франция, Италия, Нидерланды, Испания, Норвегия, Түштүк Корея жана АКШ турат. Бул мамлекеттердин жарандары 165 өлкө менен визасыз тартипте кызматташууга укук алган. Ал эми эң акыркы орунда Ооганстан турат", - деп жазылат маалыматта.
Passport Index уюмунун маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсү 63-орунду ээлеген. Ал эми Казакстан 53-сапта. Өзбекстан 68-орунду ээлесе, Тажикстан 69-орунда турат.