Бишкектин четиндеги Ак-Бата жаңы конушундагы бул мектеп 180 балага ылайыкталып, 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга билим берүү үчүн каралган. Бирок мектепте азыркы тапта 1 миң 60 бала 9-класска чейин окутулат. Балдарды коргоо уюмунун Демилге фондунун төрайымы Гүлжамал Майлыбасованын айтымында, имарат 10 жыл мурун бала бакчага ылайыкталып курулган. Ал эми башкы планда каралган мектептин жер тилкеси менчикке өтүп кеткен.
"Мен Ак-Батага биринчилерден болуп үй курганмын. Ошондо башкы план боюнча бул жерге бала бакча, анын жанындагы жерге мектеп түшмөк. Бирок ал жер тилкеси менчикке сатылып кеткен, азыркы тапта күнөскана иштетилип жатат. Мындан улам мектеп курганга жер жок, 3 конуштун балдары кыйын абалда билим алууда", - деди Майлыбасова.
Ал эми чакан мектепке Ак-Батадан эле эмес, жакынкы Ак-Жар жана Адилет конушунан да балдар келип окушат. Анткени ал конуштарда мектеп жок. Андагы көчөлөрдүн абалы өтө начар болгондуктан мектеп жамааты тазалыкты сактоо максатында балдарга кошумча бут кийим алып келүүсүн айтышат.
Балдар жолдо кийип келген ылай болгон бут кийимдерин баштыкка салып, мектептин ичине атайын алып келген бут кийим менен киришет. Конуштун жашоочусу Кымбат Усубалиева баласы улам бут кийимин унутуп, жоготуп жибергенин айтып, абалга нааразы.
"Менин балам ушул кыш келгенге чейин эле 3 бут кийим жоготту. Унутуп калып үйгө барат, эртеси таппай калабыз. Улам-улам эле миң сомго бут кийим алып бергенге каражатым жок. Тар класстарда тыгылып отурушат, жазууда, окууда бири-бирине жолтоо болушат, деги абал качан оңолот?" - дейт Усубалиева.
Мындай нааразычылыктар айтылган учурда мектептин тардыгына, шарттын оордугуна карабай иштеп келе жаткан мугалимдер жамааты ыза болуп, өздөрүн ыңгайсыз сезишет. Түшүнгөн адамга балык башынан сасып жатат, көйгөйдүн баары имараттын тардыгынан келип чыгууда. Мугалимдер билим берүү программмасынын негизинде балдар окутулуп жатканын, имараттын кеңейүүсү алардын да орундалбай жаткан тилеги экенин билдиришет. Ошондой эле мектептин жамааты имарат кеңейип, башка билим берүү жайларындай абал болорунан үмүт үзүп койгондой.
"Канча деген журналисттер, текшерүүлөр келет, бирок маселенин чечилип кеткенин көргөн жокпуз", - деди мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары.
№43-мектепте балдар 3 нөөмөт менен окутулат. Узунунан кеткен коридордо болгону 10 класс бар. Ылайыкталгандан 5-6 эсеге көп бала кабыл алынгандыктан ичинде аба жетишпей калат. Бир партага 3төн бала отурат.
Бул маселе боюнча Бишкек шаарындагы Свердлов райондук акимчилигине кайрылдык. Биздин суроолорго акимдин орун басары Рустам Касымбеков жооп берди. Анын айтымында, райондук администрацияда бул көйгөй каралып, чечүү жолдору иштелип жатат.
"Ак-Батадагы мектеп андагы жашоочулар үчүн кичинекей экенин билебиз. Мектеп курууга жер тилке аныкталган, Ак-Батанын борбордук бөлүгүнө чоң мектеп курулат. Азыркы тапта жер тилкени ченөө иштери жүрүүдө, мындан тышкары ал жерден коммуникация өтөт экен, ошол маселелерди чечип жатабыз. План боюнча 2025-жылга мектеп салынып бүтмөк, бирок муктаждык күч алып жаткандыгына байланыштуу биз 2020-жылы бүтүрүүнү көздөп турабыз", - деди Касымбеков.
Ал эми башкы планда мектеп курула турган жер тилкеси жеке жактарга сатылып кеткен деген маалыматты четке кагып, мектептин ордуна жерди мыйзамсыз басып алган адамдар үй куруп алышкан деген жоопту узатты. Ошондой эле ал мектептин аймагы Свердлов районуна караганы менен, анын жанындагы, сатылып кеткен делген жер тилкеси Аламүдүн районуна карай турганын билдирди.
Андан соң SUPER.KG порталы Аламүдүн райондук администрациясына байланышканда, мындай маселеге Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиев жооп берет деген жооптуу узатышты. Руслан Алиев бардыгын картадан карап көрүү керек экенин, анткени бир аймактагы айрым жер тилкелер башка районго, дагы башка жер тилкеси башка районго карап калуусу мүмкүн экенин түшүндүрдү.
"Баарын картадан карап билсе болот. Эгер тургундар жеке жактарга берилген же сатылып кеткен деген маалыматты айтып жатса, биз жерине барып, биздин айыл өкмөткө тиешелүү жер болсо аныктай алабыз. Азыр пландалып калган жумуштарым бар, жакын убакыт аралыгында сиздер менен жерине барып, кимге тиешелүү экенин, тургундардын айтканы туура же туура эмес экенин аныктоого аракет кылабыз", - деди Алиев.
SUPER.KG порталы тургундар айткан маселе боюнча тиешелүү тараптардын жообун угуп, жарыялоого даяр.