Кайрадан Саакашвили. Грузиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына эл нааразы

Грузияда өткөн президенттик шайлоодон кийин жарандар митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Грузияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда бийликтеги партиянын колдоосуна татыган талапкер Саломе Зурабишвили 59,52 пайыз добуш алса, оппозициячыл "Күч биримдикте" кыймылынан чыккан Григол Вашадзе 40,48 пайыз добушка ээ болгон. Зурабашвили өлкөнүн алгачкы аял президенти болуп 16-декабрдан тарта кызматка расмий киришмекчи.

Миңдеген митингчилер Тбилисинин борборуна чыгып, шайлоодо мыйзам бузулду деп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Экс-президент Михаил Саакашвили митингчилерге видео кайрылуу жасап, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Оппозиянын талапкери Вишадзе Саакашвили президент учурунда тышкы иштер министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан