Чаткалда атайын багыттагы полктун 3 кызматкерин таш бараңга алган 14 адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

Чаткалда ИИМдин атайын багыттагы полкунун 3 кызматкерин таш бараңга алган 14 адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кенге байланышкан нааразычылык 5-ноябрда "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасында орун алган. Жергиликтүү тургундардын бири аталган атайын багыттагы полктун кызматкерлери тарабынан кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

"Натыйжада жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Белгилүү болгондой, кечээ жана бүгүн, кармалган жарандардын жакындары аларды коё берүү талабы менен Терек-Сай айылындагы клубдун жанына чогулуп, митинг уюштурушкан. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2018-12-03 18:29:30
Кыргыз эли меймандос, айкол баатыр эл. Бирок элдин талабына каршы чыгып, элдин кызыкчылыгын ойлобогон бийлик окулдору кайдан чыгат? Ошол алтын кени элге зыян алып келсе эмнеге уруксат берилет иш алып барууга? Элдин кызыкчылыгы биринчи орунда болушу шарт эмеспи? Кыргызстанда жасалып жаткан ар бир иш эллин кызыкчылыгы менен болушу керек.
+6
Skarlett-Skarlett
2018-12-03 19:53:05
Адилет Каниметов эмне оз кучу мн болду беле?Туугандашуу журуп жатат чындап эле.Баары беш колун бийликке салышып...
+5
ruslanz
2018-12-04 09:20:32
Тагын билбегенден кийин комент жазбай эле кой-чу.
-1
Erik2018
2018-12-04 11:13:30
Жергиликтүү бийлик эл менен иштебегени көрүнүп турат. Маселенин тамыры кайда жатат иликтеп чыкпаса болбойт. Мен билгенден Атамбаев маалында бир катар кен казуучу компаниялар Кыргызстанга кирип ар кандай мыйзамсыз иштерге барышкан муну элдин баары билет.


-1
CEO1
2018-12-04 12:02:44
Erik2018, эмне, тоту кушсунбу, бир комментинди ар жерге суйроп бара берген?!!

Соке бир жылдан бери эмне кылды кен тармагында?!! Ошого жооп берсин?! Бийликке келгенине, бир жылдан бери эмне жумуш кылды?!! Жаны бийликке келгенде го Атамбаевге шылтап журду. Эми арадан бир жыл откон сон Атамбаевге шылтагандан уялсанар болбойбу?!!

Соке жакшы иштеп жатат дейсин, кана иштегени?! Сокенин вообще иштеген жери жок!!!

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан