Бишкекте шаар тургунун зордуктоого аракет кылган таксисттин үстүнөн козголгон кылмыш ишине дагы 2 факт кошулду

Бишкекте аялды унаасына камап алып, зордуктоого аракеттенген деп айыпталган таксисттин үстүнөн дагы 2 арыз түшүп, буга чейин козголгон кылмыш ишине дагы 2 факт кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

"Калаанын 2 тургуну кылмышка шектүү таксистти жаңылыктардан көрүп таанып, анын үстүнөн арыз жазып, ага чара көрүүнү өтүнүшкөн. Биринчи арыздын ээси 1989-жылы туулган шаар тургуну 26-ноябрь күнү кечинде аталган таксисттин унаасына отурганын айткан. Бейшеналиева көчөсүнө жеткенде таксист аны зордуктоого аракет кылганын айтууда. Экинчи арыздын ээси 1978-жылы туулган шаар тургуну окуя февраль айында шаар ичинде орун алганын айтып, ал да таксисттин зордуктоо аракетине туш болгонун билдирген. Учурда бул эки факт боюнча катталган арыздар кылмышка шектүүнүн кылмыш ишине кошулду. Окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда, кылмышка шектүү 2 айга камакка алынган", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Видео тараган соң, таксист милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
voennyi88
2018-12-03 17:17:35
Сакалын менен кургур!Молдонун айтканын кыл,кылганын кылба деген созду дагы бир жолу айгинеледиго.Сен беркинин террористи экенсинда.
+3
meni_kut
2018-12-03 17:56:03
voennyi88, сакалы болсо эле молдо эмес го,сакал эчкиде деле бар.Европалыктар деле сакал коетго
+4
newman
2018-12-03 18:09:32
voennyi88,мен молдо эмесмин. Бирок тиматидей кылып сакал койгом
0
meni_kut
2018-12-03 17:57:07
Кебетеси жузу суук акмак,жазасын алсын
+2
oscar
2018-12-03 19:17:27
Маньяк
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан