Бишкекте аялды унаасына камап алып, зордуктоого аракеттенген деп айыпталган таксисттин үстүнөн дагы 2 аял арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арызды 40 жана 29 жаштардагы аялдар жазышкан.
"Арызда зордуктоого шектелип жаткан таксист 26-ноябрда С.А. аттуу аялды Бейшеналиева көчөсүндө зордуктоого аракет кылганы жазылган. Ошондой эле 40 жаштагы Д.Ж. аттуу аял дагы ушул жылдын башында Бишкектин аймагынан таксист тарабынан зордуктоого аракет болгонун айтып арызданган. Анын айтымында, ошол учурда ал табылбайт деген ой менен арыз жазган эмес. Кийин гана шектүү тууралуу чыккан окуяда аны таанып, укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда бул арыздар каралып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди милициядан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Видео тараган соң, таксист милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.