Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки аял ооруканага түшүп, алардын бири каза болду

Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыктан эки аял ооруканага жеткирилип, бири каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрда саат 19:40 чамасында Каракол-Балыкчы унаа жолунун 121-чакырымындагы Семенов айылында болгон. Анда Каракол шаарынын 29 жаштагы Л.Э. аттуу тургуну өзүнө тийиштүү Субару Форестер унаасы менен Бишкектен Каракол шаарына бара жатып, эки аялды сүзүп алган.

"Кырсыкка кабылган эки аял Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 68 жаштагы жана 70 жаштагы тургундары экени белгилүү болгон. Алар окуя болгон жерден "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, 68 жаштагы аял бейтапканадан каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди аталган бөлүмдөн.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CEO1
2018-12-03 16:34:16
Соке ХХХХ отурабы?! Жол кыймылын тартипке келтирип, МАИни реформаласа, кырсыктар азаймак!!!
+2
admin_superstan
2018-12-03 16:58:27
CEO1,
Адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан