Бүгүн, 3-декабрда парламент комитетинде “Жунда” мунай заттарын кайра иштетүүчү ишканасына пайдалануу үчүн сырттан алып келүүчү химиялык заттарды алып келүүдө химиялык заттарды республика аймагына киргизүү жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын жеринен иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында аталган маселенин демилгечилеринин бири депутат Алмасбек Акматов аталган заводго зыяндуу химиялык заттар кирип жатат деген маалыматтарды текшерүү зарылдыгын, ал үчүн тиешелүү жумушчу топ түзүү демилгеленип жаткандыгын маалымдады.
Жумушчу топтун курамына депутаттар Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.