Бишкекте шаар тургуну мас абалында досунун аялын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 1980-жылы туулган шаар тургуну кайрылган.
"30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү аял, күйөөсү жана анын досу менен борбордогу батирлердин биринен спирт ичимдигин ичишкен. Кийинчерээк алар уктоочу бөлмөлөргө кирип, түн ортосунда күйөөсүнүн досу аялды зордуктап койгон. Жабырлануучу аял бул тууралуу милицияга арыз жазып, бирок мас болгондуктан зордуктоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирген", - деп билдиришти милициядан.
Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.