Равшан Жээнбеков: "Президент авторитаризмге, реформалар боюнча имитацияга багыт алды"

"Президент Сооронбай Жээнбеков авторитаризмге, реформалар боюнча имитацияга багыт алды". Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков интернеттеги баракчасына жарыялады. Анда ал кошоматчылар менен реформа жасалып жатат деп жазган.

"Сот, парламент, өкмөт, жергиликтүү бийлик мурдагыдай эле президентке көз каранды. Буга кошумча реформа дагы жок. Июль айында жарандык лидерлер менен жолукканда "сот реформасын жасоодо жарандык коомду тартам" деп жарыя кылган.

Бир дагы эгемендүү саясатчыны, жарандык лидерди сот реформа ишине тарта алган жок. Мурдагылардай эле кол алдындагылар, эркин сүйлөй албагандар, кошоматчылар менен түшүнүксүз, багыты жок "реформасын" жасоодо.

Мындай курам менен "реформаны" бардык президенттер жасаган. 28 жылдан бери жасап келе жатабыз", - деп жазат Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан