Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов жооп берди.
Анын пикиринде, кен иштетүүчү компания тууралуу элге маалымат берилиши керек. "Жергиликтүү тургундардын көбү түшүнбөй жатат: компания келгенде кандай иштерди кылат, кандай технология болот? Ошон үчүн элге чыгып, маалымат берилиши зарыл. Буга чейин деле кендерге байланыштуу митингдер болуп келген, бирок биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бата алчубуз", - деди Рыскулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов, коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.