Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров жооп берди.
Ал өлкөбүзгө кен казуу үчүн келген компаниялардын көмүскөдө иш алып барышканына токтолуп өттү.
"Азыр кендердин баарында тең көмүскөдө иштеген компаниялар бар. Дүйнөлүк биржада ачык соода кылган "Центеррага" окшогон кен казуучу компаниялар жокко эсе. Ошол себептен кендерди казуу боюнча тендер жарыялаганда компанияны тандоону сөзсүз түрдө жергиликтүү калк менен кошо өткөрүш керек. Жергиликтүү калктын кызыкчылыгы - экологияны сактоо жана жумуш орундарын түзүү.
Экинчиден, кен казган аймактардагы айылдык кеңештерге крим чөйрөдөгү адамдар дагы кирет. Эң бай саналган айыл өкмөтүндөбү, айылдык кеңештеби мыйзам бузган адамдар жүрөт. Алар күч колдонуу аркылуу жергиликтүү бийликке келип, кен казуучу компанияларды тоногонго аракет кылат. Мындайлар бир гана мамлекетте эмес, жергиликтүү бийликте да көйгөйлөрдү жаратат. Ошондуктан маселелер эки тараптуу чечилиши керек. Көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү калкты чакыруу зарыл", - деди Аттокуров.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.