Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жооп берди.
Ал кендерге байланыштуу чыр-чатактардан улам эл бийликке ишенбей калганын айтат.
"Кумтөр" кенине байланыштуу окуялардан кийин эл кен казуу ишканаларына, бийликке ишенбей калды. Кен иштеткен компаниялар алтынды казып алгандан кийин зыяндуу заттар, калдык калат. Ошол жагын элге, экологияга зыяны тийбей тургандай кылып камсыздашы керек. Кенге байланыштуу биринчи мыйзамдуу жактарын кароо керек. Компаниялар мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барышса, анда жакшы иштешине шарт түзүп берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жалпысынан кендерге байланыштуу нараазычылыктар өлкөдөгү инвестициялык климат жакшы эмес экенинен кабар берет", - деди Мамытов.
Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров, коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.