Бүгүн, 4-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Чаткалдын Терек-Сай айылынын тургундары аймакта алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Себеп - жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш.
Расмий маалыматка таянсак, 1 ай мурун Терек-Сайлык жергиликтүү тургун аталган фирманын аймагына кирип кетип, аны күзөтчүлөр сыртка чыгарып салышкан. Ал бир топ айылдашын ээрчитип келип фирмада уруш чыгарышкан. Окуядан кен казуучу фирманын 3 кызматкери жаракат алып, факт боюнча 2 кылмыш иши ачылды. Айылдын 14 тургуну кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Аймактагы кырдаалды жөнгө салууга атайын даярдыктагы отряддын 400дөй жоокери тартылганы айтылып жатат. Айылдын 400дөй тургуну "кармалгандар бошотулсун" деп митингге чыгышты. Бул талаптан тышкары митингге чыккандар фирмада иштеген жергиликтүү тургундардын саны кескин кыскарып кеткенин, кен казуучу ишканада жергиликтүү тургундардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү жана айылга жакын жерге цианид иштетүүчү завод курулуп жатканын айтып, бул курулушту токтотууну талап кылышты. Бул маалымат боюнча жооптуу органдар комментарий бере элек.
Саясатчы Адахан Мадумаров Чаткалдагы окуя боюнча чукул билдирүү жасады. Ал укук коргоо органдарынын жергиликтүү тургундарды кармап кеткенин кескин сындап, бийликке “кеч боло электе эсиӊе кел” деп эскертти. “Эл деген сел. Эл бир көтөрүлсө, 400 аскериӊ эмес, 4 миӊ аскериӊдин алы жетпей каларын биздин соӊку тарых тастыктаган”, - деди Мадумаров. Саясатчы акыркы күндөрү Кыргыздагы жарандык коом өлкөнү Кытай жарандары кескин каптап кетти деп коӊгуроо кагып жатканын, бул азыркы бийлик биринчи кезекте кароого милдеттүү болгон маселе экенин да кошумчалады.
Аталган фирма Терек-Сайда 2016-жылдын январынан бери иштейт. Кенди иштетүү лицензиясын 20 миллион долларга сатып алган. Бүгүнкү күндө фирмада 350 адам иштеп жатат. "Кыргызалтындын" маалыматы боюнча, фирма 3 жыл ичинде Кыргыз бюджетине 750 миллион сом салык төккөн.
Ачык-айкындык жоктугунан Кыргыз жеринде дээрлик бардык ири кендердин иши ызы-чуу менен коштолот. Мисалы, Тогуз-Тородогу "Макмал", Кадамжайдагы "Шамбесай", Таластагы "Жер-Үй" кениндеги жаӊжал, митингдер. 2015-жылы Таластагы "Жер-Үй" кенин иштетүү лицензиясы 100 миллион долларга сатылды. Түшкөн акчага жаӊы 100 мектеп курулат, 100 мектеп капиталдык оӊдоодон өтөт деп ал кездеги премьер Темир Сариев да, ал туштагы президент Алмазбек Атамбаев да убада берген. Бирок түшкөн акчанын 1 миллиард 410 миллион сому 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолун оӊдоого жумшалып, 500 миллиону Таластагы айылдарды өнүктүрүүгө деп бөлүнүп кетти. Ошентип, "Жер-Үйдүн" акчасына курулат деген мектептер бүтпөй, акча башка багыттарга жумшалып кеткенин Жогорку Кеӊеш депутаттары да сындап чыгышкан. 2015-жылга чейин Таласта "Жер-Үйдү" иштетүүгө каршы тынбай митингдер өтүп жатты. Расмий маалыматка таянсак, инвестор Жер-Үйдү" иштетүүдөн жылына 1,1 миллиард доллар киреше табат. Ал эми Кыргыз өкмөтү алтын кенин 100 миллион долларга сатып жибергенине ыраазы. Кыргыздын алтын-күмүшүн жалаӊ чет элдик компаниялар казып, ташып кетүүдө. Буга бийлик кызыкдар болушу мүмкүн дегендер да бар. Эксперт Базарбай Мамбетов кендерди чет элдик компанияларга берүүдө коррупциялык жолдор бар деген пикирде. Айтымында, убагында бийлик Терек-Сайдагы аталган кенди иштетүүчү ишкана түзүп, анын 75 пайызын түркиялык "Эти Бакыр" компаниясына бергенин элге айтпай жашырган. "Ушундай эле жол менен 2006-жылы "Талды-Булак" кенинин 60 пайызы Казак компаниясына берилген. Ал өз үлүшүн кытайлык ишканага 76 миллион долларга сатып, алар алтынды өлкөдөн ташып бүткөнү калды. Эгер бийлик ушул 2 мисалда кендерди коррупциялык жол менен чет элдик компанияга берип койгон болсо, анда калган 39 кенди да берүүгө жетишкен. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго көп жолу кайрылдык, жооп жок. Аны бул маселе кызыктырбайт окшойт", - дейт Мамбетов. Коомдук ишмер Максат Мамытканов бийлик алтын кендерин иштетүүдө жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргобойт, чыр-чатактын түйүнү ушунда деген пикирде. Тоо-кен тармагы боюнча адис Картайбек Муканбетов бийликти кен иштетүүчү компания менен түзүлгөн келишимди элге көрсөтүп, түшүндүрүп бербейт деп сындады. Кендерди иштетүү чырында маселе инвестордо же элде эмес, башка күчтөрдө деген пикирлер дагы бар. Мисалы, "элди митингге алып чыгам" деп опузалап инвестордон акча талап кылган криминалдык күчтөр бар, алар өз кызыкчылыгы үчүн жергиликтүү элди курал катары колдонуп жатат деген пикирлер айтылууда.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат. Жаӊжал артынан жаӊжалы бүтпөгөн мындай абал Кыргыздын пайдасына иштебей турганы анык...
Эл аралык "Манас" аэропортун 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан Эмир Чукуев 3-декабрда кызматтан кетти. Ушул эле күнү анын ордуна башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкулов дайындалганы маалым болуп, бул дайындоо дароо талкууга түштү. ЖМКлар Бусурманкулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жердеш экенин, анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп жатканын жазып чыгышты. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду талкуу башталган соң бул дайындоосун жокко чыгарып, Абдималик Бусурманкуловду кайра кызматтан бошотту. Анын ордуна Мирлан Бегалиевди дайындады.
Бул окуя азыркы бийликтин кадрдык саясаты коомчулуктун көзөмөлүндө турганын дагы бир жолу көрсөттү. Жакында президент Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасы Ыктыярбек Абжалиев мамлекеттик "Мегаком" компаниясына бөлүм башчылыкка дайындалып, коомдогу кескин сын-пикирден кийин кызматтан кетти. Бул окуядан кийин депутат Абжалиев маалыматты коомчулукка жарыялап, талкуу жаралышына жол беришкени үчүн журналисттерге нааразы болду. 2 ай мурун Каракол шаарына мэрлик кызматка шайланган Адыл Каниметов президенттин бир тууган агасы, элчи Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени да талкууга түшкөн. Алгач комментарий берүүдөн качып жаткан Адыл Каниметов жакында Жээнбековдорго күйөө бала экенин тастыктады. Мындай окуялар президент Жээнбековдун “тууган-урукту бийликтин иштерине кийлигиштирбейм” деген сөзүнө туура келбей жатат...
Кышкы сезон быйыл да Бишкектеги "Ош базарында" өрт менен старт алды. Базарда 4-декабрга караган түнү өрт чыгып, 500 чарчы метр аянт күйүп кетти. Өрттүн эмнеден келип чыкканы, чыгымдын суммасы такталууда.
Жыл башынан бери аталган базар 4 жолу өрттөндү. Биринчи жолу 30-январда, кийин март, апрель айларында өрт чыгып, соодагерлер миллиондогон чыгым тартышты. Күйүп кеткен соода жайлары азыркыга чейин калыбына келтириле элек. Соодагерлердин чыгымы төлөнүп берилдиби? Апрелде аталган базардын аймагындагы "Берекет" кичи базары өрттөнгөн. Анда соода орундары күйүп кеткен 488 соодагерге 10 миӊ сомдон жардам берилгенин Бишкек мэриясы жарыялаган. Кимдер жоопкерчиликке тартылды? Базардагы биринчи кырсык өрт коопсуздугу сакталбаганынан улам электр зымдарынан чыккан деп айтылса, экинчи жана үчүнчү жолку өрт боюнча атайын бирөө өрттөгөн деген версия маалымдалган. Соӊку өрттөн кийин "Берекет" кичи базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын коопсуздугуна жооптуу кызматкерлер кармалып, камакка алынган. Көп өтпөй аларды Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарды. "Берекет" кичи базарындагы өрт боюнча октябрда соттук териштирүү башталды. Азырынча базарды өрттөдү деп эч ким кармала элек...