3-декабрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү.
Чаткалдагы кенге байланыштуу экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов түркиялык компания кен иштетүүчү ишкананын 75 пайызына ээлик кыларын жана коррупциялык схемалар тууралуу пикирин билдирген.
"Кыргызалтын" ишканасынан эксперт Базарбай Мамбетовдун билдирүүсү боюнча комментарий беришти. Анда Терек-Сай кени Кыргыз жериндеги эң эскирген кендердин бири экени, минералдык-сырьёлук базасы түгөнгөндүктөн жана чыгашалуу болгондуктан көп жолу ишин токтотууга мажбур болгону айтылат.
"2015-жылдын ноябрь айында Кыргыз өкмөтү тарабынан "Терек", "Тереккан" жана "Перевальное" кендерин иштетүү боюнча сынак жарыяланып, "Эти Бакыр Терек-Сай" жеңип алган. "Eti Bakir A.S." Түркиядагы белгилүү "Cengiz Holding" конгломератынын курамына кирген ири түркиялык компания болуп эсептелет.
Кийин “Кыргызалтын” ( 25 пайыз) жана түркиялык "Эти Бакыр" (75 пайыз) компаниясынын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлдү. Компания кенди иштетүүгө алган лицензиясы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджетине 20 миллион доллар төлөп берген. “Терек-Сай” кениндеги эски кен байытуучу фабрикасын кайрадан оңдоп чыккандан кийин 2017-жылы август айында ишке берилди. Кайра оңдолгон фабрикада бүгүнкү күндө курамында алтын жана күмүшү бар флотациялык аралашманы өндүрөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 100 тонна кен иштетет. 2017-жылы компания “Терек-Сай” фабрикасын кайра оңдоо үчүн 6,78 миллион доллар, тоо жана геологиялык кен чалгындоо иштери үчүн 178,9 миллион сом сарптады", - деп билдирди "Кыргызалтын" ишканасынын басма сөз кызматы.
Ошондой эле түркиялык компания ири салык төлөөчү экени, ички жолдорду оңдоого, өрттүн кесепетинен жабыркагандарга турак жай курууга каражат бөлгөнү белгиленет.
"Бүгүнкү күндө ишканада 350дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон. Анын 96 пайызы жергиликтүү калк. Айлык акылары орточо эсеп менен 22,5 миң сомду түзөт. Компания 2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине 750 миллион сомдон ашык салык төлөдү. Компания өлкөнүн түштүгүнө курамында алтыны бар аралашмаларды кайра иштетүүчү фабриканы курууну пландаштырып жатат. Бул жаңы кен чыккан жерлерди иштетүү процессине тартууга мүмкүндүк берет. Азыркы тапта мындай ишкана жоктугунан иштетилбей турат. Фабриканы куруу үчүн керектелүүчү инвестициянын көлөмү 100 миллион долларды түзөт. Эксперттен коомчулукка такталган маалыматтарды жеткирүүнү суранабыз", - деп билдиришти аталган ишканадан.