Индиянын түндүгүндө уйлардын өлүмүнүн айынан жаңжал чыгып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазды.
Уттар Прадеш штатындагы бир нече айылдан 400дөй дыйкан Буланшахр шаарында массалык нааразычылыкка чыгышкан. Алар жолдон чыккан унааларды өрттөп, жолдорду тосуп, полиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Алар бийликтен уйларды өлтүргөн кылмышкерди табууну талап кылышкан. Ал эми полиция элге союл колдонуп каршылык кылып, ок чыгарышкан. Жаңжалдын айынан бир жөнөкөй жаран жана бир полиция кызматкери каза болгон. Бул нааразычылык айылдардын биринде бир нече уйдун өлүгү табылганынан улам келип чыккан. Индиянын көптөгөн штаттарында уйду өлтүрүү жана анын этин сактоого мыйзамдын негизинде тыюу салынат.