Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) мурдагы төрагасы Мурат Суталинов онкология борборуна которулду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн аталган борбордун өкүлдөрү №47 түзөтүү колониясына барганда, Суталинов ал жерде жок болгон. "Ал жерден Суталинов онкологиялык борборуна которулганын маалымдашты", - деди Сулайманов.
Буга чейин да Суталинов бөйрөк оорусуна байланыштуу абактан Улуттук онкология борборуна которулганы белгилүү болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.