Казакстандын чек арасынан Өзбекстанга өтүп бара жаткан адам ички органына баңги затын салып алган. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Казакстандын чек ара көзөмөл жайында атайын үйрөтүлгөн ит баңги затын алып бара жаткан адамды байкаган. Шектүү катары 48 жаштагы Өзбек жараны токтотулган. Анын буюмдарын тинтүү учурунда эч кандай баңги заты табылган эмес. Бирок рентгендик текшерүүнүн жыйынтыгында Өзбек жараны салмагы 13,5 граммды түзгөн кургатылган марихуананы ички органына жашырып алып өтүп бара жатканы белгилүү болгон.
Колго түшкөн жаран Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.