Порошенко Орусияны жоопко тартуу боюнча БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз даярдады

Керч кысыгындагы агрессия үчүн Орусияны жоопко тартуу боюнча Украинанын президенти Петр Порошенко БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз даярдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Украина президентинин билдиришинче, 25-ноябрда орусиялык чек арачылар Кара деңиздин нейтралдуу аймагында аларга каршы чабуул жасаганда, украин моряктары эл аралык мыйзамдарга шайкеш иш алып барышкан.

"Кармалган украин аскерлерин орус соттору жоопко тарта албайт. Себеби алар агрессиялык актынын натыйжасында барымтага алынган. Женева конвенциясына ылайык, алар аскер туткундары болуп эсептелет", - деди Порошенко.

25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Украин аскерлеринин баарына өткөн аптада расмий түрдө "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген айып тагылганы белгилүү болду. Украиналык деңиз аскерлери мындай айып менен алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан