Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп күйүүчү майдын баасын кымбаттатууга мораторий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, мораторий жарым жылга киргизилген. Ошондой эле жаратылыш газынын жана электр энергиясынын тарифи да 6 ай бою көтөрүлбөй турган болду.
"Франция өкмөтү мындай кадамга 2 аптадан бери күйүүчү майдын кымбатташына каршы өтүп жаткан "сары жилетчендердин" нааразычылык акциясынан кийин барды", - деп жазышат басылмалар. Аталган чечим боюнча премьер-министр "бир да салыктын түрү улут биримдигин коркунучка калтырууга арзыбайт" деп комментарий берген.
Францияда акыркы жарым жылда бензиндин баасы 15 пайызга, дизелдин баасы 23 пайызга кымбаттаган. Ошондой эле 2019-жылдан тарта күйүүчү майдын салыгы да 2 эсе жогорулай тургандыгы айтылган.
Бийликтин бул кадамына нааразы болгон жүз миңдеген жарандар акцияга чыгып, миңге чукулу полиция тарабынан кармалган.