Кыргыз мамлекетинде Сузак району эрте турмуш кургандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
"Сузак районунда 15-16 жаштагы кыздарын турмушка берип жатышат. Эмнеге Саламаттыкты сактоо министрлиги маани бербейсиңер?" - деп сурады эл өкүлү.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, мектеп курагында кош бойлуу болгон 3 расмий иш катталган. Бул иш тууралуу тиешелүү чаралар көрүлгөнүн, мындан тышкары эрте турмуш куруу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Өлкө аймагында расмий эмес маалымат боюнча, 20-22 пайыз жашы жете элек өспүрүмдөр төрөгөн. Ал эми так расмий маалымат жок экенин билдиришти.