Ош шаарында турак үй өрттөнүп, анын ичинен эки кишинин жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 5-декабрь күнү эртең менен Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан №117-үйдөн чыккан.
Каза болгон жарандар 57 жана 47 жашта болушкан. Алар түтүнгө ууланып калышкан. Учурда өрт өчүрүлүп, себептери такталып жатат.