Америкалык "Forbes" журналы 2018-жылдын эң таасирдүү 100 айымын аныктады. Журналдын тандоосуна ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель эң таасирдүү аталган.
Биринчи орунду алган Ангела Меркель 2017-жылы дагы эң таасирдүү айымдар арасындагы тизмеден биринчи орунду алган.
Андан кийинки саптан Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Франциянын эл аралык валюталар фондунун башчысы Кристин Лагард орун алган.
Таасирдүүлөрдүн 20-сабында АКШлык теле алып баруучу Опра Уинфри жайгашкан.
Ал эми 23-орунда Улуу Британиянын ханайымы Елизавета II жайгашса, 24-орунду АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы, кеңешчиси Иванка Трамп ээлеген.