Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жаңы жыл майрамынан кийин 7 күн эс алууну сунуштоодо

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жаңы жыл жана май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн кошумча эс алуу күндөрдү сунуштоодо. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, министрлик өкмөттүн "Дем алыш күндөрдү жылдыруу тууралуу токтомун" карап чыгып, мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерине 1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12-майга чейин эс алууну сунуштап жатат.

Тактап айтканда, 25-февралдагы дем алыш (23-февраль дем алуу күнүнө туш келгендиктен) 2-январга жылдырылат. 8-апрелдеги дем алыш (7-апрель дем алыш күнгө туш келгендиктен) 3-январга жылдырылат. 2-сентябрь (31-август дем алыш күнгө туш келгендиктен) 4-январга жылдырылат. 6-майдагы дем алыш (5-май дем алышка туш келгендиктен) 10-майга жылдырылат.

Аталган сунуш боюнча токтом долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн расмий сайтына илинди.

Министрлик буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген жарандар Жаңы жыл майрамына карата 4 күн катары менен эс алыша турганын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
keba300989
2018-12-05 12:58:45
Айлыкты алып коюп дем алып жата берсек э
-2
asi15
2018-12-05 13:07:00
Сонунго
0
altyn2015
2018-12-05 13:35:01
Ошондой болсо кана!
-1
Eli.91
2018-12-05 14:21:44
Кайсы жыргатып койгон ишинерге дем аласынар?кандай арсызсынар?бир ишти жонго салып койгондой эс алганы жатасынар?бизден башка мамлекеттер керек болсо майрам кундору да иштейт.120 жеп жутарды эчкандай эс алууга чыгарбаш керек.
+2
CEO1
2018-12-05 14:39:48
Eli.91, 120 жепжутарга аалам тегиз. Алар будний кундору да кааласа жумушка келет, кааласа келбейт, кааласа келип, тушко чейин ургулоп отуруп, тушто туштонууго кеткен бойдон келбей коет...

Кеп мамлекеттик кызматкерлер, алардын ичинле Окмоттон маяна алган мугалим, врач ж.б. тууралуу болууда. Алардын февраль, март, май, август ж.б.кундордогу эс алуу кундоруно тийбегиле!!!
+1
barakcha
2018-12-05 14:29:16
Мен колдойм!
-3
PROS
2018-12-05 14:30:54
Биротоло рождествону майрамдайлы деп жатасыңарбы арсыздар?! Жума күнү түшкү тыныгууну бир саатка узарталы десе ылай сууну кечпеген эшектей тыртышып көнбөй койдуңар эле. Эми өзүңөргө ылайыктуусун бир окууда жактырып беришет тиги 120 пайдасы жоктор!
-7
CEO1
2018-12-05 14:43:37
PROS, 7-январь сен айтпаган кундо деле кызыл дата, б.а. майрам, эс алуу куну. Бул куну олкодогу православдар майрамдайт, орус, украин ж.б. Кыргыздар эс алат. Эмне, алар оз майрамын майрамдабай коюшсунбу?!!

Сен Орозо Айт менен Курман айтты майрамдап жатканда алар унчукпай эле го?!! Башкалардын динин кемсинт деп уйротобу ислам дини?!! Динди жакшы билбеген сон чала молдо дин бузар болуп динге "жанылык" киргизгенди качан токтотосунар?!!
+3
CEO1
2018-12-05 14:46:35
Мен каршымын. Байкуш мугалим, врач ж.б.ир жылдагы майрамдык эс алуу кундорун баарын топтоп келип койгонунар Кудайга жакпайт! Ансыз да алардын жумушу туйшуктуу жумуш. Алган маяналары биртке. Эми ошолордун эс алуу кундоруно коз артпай эле койгулачы!!! Жаны жылла 4 кун эс алуу бергиле, болот, мам.кызматкерлердин февраль, март, апрель, май, август, сентябрдагы эс алуулапына тийбегиле! Колунарды тарткыла!!!!!!
+1
Adilet2014
2018-12-05 19:33:28
Ошол күндөрдөгү эс алууну бир убакытка чогултуп коюптур... мага жакты... Мисалы ошол дем алыл күндөргө туш келген эс алуу күндөрүн чогултуп бир эс алып алса жакшыдай көрүнүп жатат да..
0
Baktikan
2018-12-05 20:35:21
Es alip jatip alishsa ishti kim ishteit~Bundai es alyy jok chet jerlerde ~tim ele bir nerseni kiyratkandai
-2
CEO1
2018-12-05 21:19:04
Baktikan, сен кыйратып койдунбу?! Чет жерде иштеп журо бер кул болуп!!!

Эмне, мугалим, врачтарга миллиондоп айлык толоп жаткансып суйлопсун да?!! Алар бир жылда майрам деп 5-6 кун эс алчу болсо, ошону да коп коруп жатасынбы?!!

Чет олколордо да майрамдар бар, аларда да эс алат. Сага окшогондорду майрамды майрам дебей иштетишсе керек да кулдай кылып...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан