Бүгүн, 5-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Дарегине сын көп айтылып жаткан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев парламентте дагы тил укту. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Талкуунун жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев эмне себептен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда төө буурчак тууралуу сөз болбогонун сурады. "Талас облусунун дыйкандары төө буурчак менен жан багат. Эмнеге төө буурчак боюнча сөз кылбайсыңар? Бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок. Айыл чарба министрлиги эмне иш кылып, каякты карап жатасыңар?" - деп Бокоев министрликти сынга алды. Министр Нурбек Мурашев "бул жылы буудай, арпанын үрөндөрүнө басым жасалды, кийинки жылдары башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө көңүл бурулат" деп кутулду.
Сентябрь айында парламенттик комитетте этти экспорттоо боюнча 3,8 миллион долларлык долбоор талкууланып жатканда жыйынга аталган маселе боюнча жооп бере турган министр Нурбек Мурашевдин келбегени сынга кабылган. Министрликтин статс-катчысы муну “ал ооруканада текшерилип жатат” деп түшүндүргөн. Андан кийин октябрь айында парламентте Мурашев депутат Эльвира Сурабалдиева менен кайым айтышкан. Эл өкүлү Чүйдүн дыйкандарына суу жетпей жатканын айтып, нааразы болгон. Буга удаа эле депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып, министрди сынга алган.
Нурбек Мурашев техникалык университетти аяктаган. Көп жыл айыл чарба тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп келип, Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон. 2016-жылы "Бир Бол" фракциясынын квотасы аркылуу Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган. Андан бери өкмөт 2 жолу жаңыланды, бирок Мурашев креслосун сактап калууда.
Өлкө ЕАЭБге кирерде бул биримдикке айыл чарба продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейери айтылган. Бирок аталган биримдикке киргенден бери Кыргыз өлкөсү андай мүмкүнчүлүктү кеңири колдоно албай жатат. Дыйкандар менен фермерлерге өндүрүлгөн товарынын сапатын тастыктоочу, анын коопсуздугун, табигый таза азык экендигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн өкмөт камсыздап бербей жатат...
Чаткалдын Терек-Сай айылында алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясы ишин токтотту. Ал эми компаниянын 3 кызматкерин сабады деп кармалган 15 адамдын алтоо 2 айга убактылуу кармоочу жайга, тогузу СИЗОго киргизилди.
Тоо-металлургиялык профсоюздун төрагасы Элдар Тажибаевдин айтымында, соңку жаңжал компаниянын ишмердүүлүгүнө жана мамлекеттик бюджетке терс таасир этип, 400дөй адам жумушсуз калышы мүмкүн. “Социалдык фондго төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө токтотулат. Жыл сайын компания 15 миллион сом социалдык пакет катары жергиликтүү бюджетке төгүп турчу”, - дейт Тажибаев.
Ошол эле учурда саясатчы Адахан Мадумаров Чаткалдагы окуялар боюнча чукул билдирүү тараткан. Ал президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жолдогон кайрылуусунда "Мындай башаламандыкты, мындай жапайычылыкты, өз элиңе күч колдонууну, коркутууну, милицияны жиберүүнү токтотуңуздар. Эл бир көтөрүлсө, 400 эмес, 4 миң аскериңдин күчү жетпей кала турганын биздин соңку тарых бир нече жолу тастыктады, көрсөтүп да койду. Кармалган жигиттерди, аялдарды токтоосуз түрдө кармалган жеринен бошотууңарды талап кылам" деген эле. Бирок саясатчынын бул кайрылуусуна карата президенттен, Жогорку Кеңештен, өкмөттөн да жооп боло элек.
"Эти Бакыр Терек-Сай" Терек-Сайда 2016-жылдын январынан бери иштейт. Кенди иштетүү лицензиясын 20 миллион долларга сатып алган. Бүгүнкү күндө компанияда 350 адам эмгектенет. Компания тараткан маалыматка ылайык, кызматкерлердин 90 пайыздан ашууну жергиликтүү тургундар. "Кыргызалтындын" маалыматы боюнча, компания 3 жыл ичинде Кыргыз бюджетине 750 миллион сом салык төккөн. Бул ишкана кайрадан качан иштеп баштаары белгисиз. Жогорку окуя өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасир тийгизди. Жаңжалдын кесепетин Терек-Сайдын тургундары гана эмес, жалпы өлкөнүн бюджети да сезет.
Бюджетке келсек, Жогорку Кеңеш 29-ноябрда 2019-жылга карата Кыргыз өлкөсүнүн бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Анын жыйынтыгында божомолдуу түрдө 2019-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 151 миллиард 762 миллион сом болсо, чыгымы 161 миллиард 913 миллион сомду түзгөн. Дефицит 10 миллиард 150 миллион сом деп бекитилген. Өкмөт бюджеттин дефицити жылдан-жылга азайып жатат дегени менен жогорудагыдай кенге байланыштуу улам бир аймакта чыгып жаткан ызы-чуулар кедергисин тийгизет. Бюджеттин кирешеси гана азайбай, инвестициялык климаттын начарлашынан бир топ чыгымдарды алып келиши ыктымал...
Эртең, 6-декабрда Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтөт. Анын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын "Россия 24" федералдык телеканалына 20 мүнөттүк маек курду. Анда өлкө башчы ЕАЭБдин азыркы абалы жана келечеги, өлкө лидерлеринин ортосундагы мамилелер тууралуу суроолорго жооп берди. Өлкө башчынын айткандарынан эки урунттуу учур көңүлдү бурат.
Жээнбековдун айтымында, ЕАЭБдин алкагындагы расмий жана бейрасмий жолугушууларда президенттердин ортосунда талаш-тартыштар орун алып, анда дайыма Владимир Путин арбитр (судья) болот. “Төрагалыкта дайыма Орусия турат, ал көп маселелерди чечет” деди Жээнбеков. Муну менен ал “ЕАЭБ – Орусиянын колундагы саясий биримдик” экендигин бышыктады. ЕАЭБдин “экономикалык биримдик” деп документте жазылганы менен иш жүзүндө “саясий клуб” болгону анын келечегин өлкө башчыларынын маанайынан көз каранды кылат: мындан улам саясий чечимдер экономикалык келишимдеги милдеттерден жогору болот, биримдиктеги “аба ырайын” жана туруктуулукту өлкө лидерлеринин ортосундагы мамилелери түзөт. Мисалы, 2016-жылы Казакстан кыргыз-казак чек арасын бир тараптуу түрдө жаап койгондо, Евразиялык экономикалык комиссия чара көргөн эмес.
Экинчиден, журналисттин “2040-жылы ЕАЭБди кандай көрөсүз?” деген суроосуна Кыргыз президенти: “Өлкөлөрүбүздүн ортосунда чек арачылар жок, жарандар ЕАЭБдин ичинде эркин жүрөт, бардык тейлөөлөрдү өз мекенинде алгандай башка мүчө-мамлекетте ала алат. Бирдиктүү валюта колдонууга да келебиз”, - деп жооп берди. 170 миллиондук рыногу бар бул өлкөлөр Евробиримдик сыяктуу мамилеге келе алышса, позитивдүү жылыштар болушу мүмкүн. Болгону ал СССРге ностальгияга айланып кетпеши керек...