АКШда 19 жашар кыз өз өлүмүн өзү уюштурган. Анын буйрутмасын аткарган жаран 48 жылга кесилди

АКШнын Колорадо штатында сот 19 жашар Натали Боллинжердин өлүмүнө шектүү жаранды 48 жылга эркинен ажыратты. Кылмышкер сотто "Натали өз өлүмүн өзү уюштуруп, буйрутма кылган, мен аны өз каалоосу менен өлтүргөм" деди.

Натали Боллинжер 2017-жылдын декабрь айында жоголуп кетип, көп өтпөй анын жансыз денеси токойдон табылган. Анын өлүмүнө шектелип кармалган 23 жаштагы Жозеф Лопес кыздын жарыясын интернет сайттардын биринен окуган.

"Сайттан "өз өлүмүмдү буйрутма кылам" деген жарыя окуп калдым. Атымды өзгөртүп алып, жарыянын ээсине жаздым. 2017-жылдын 28-декабрында Боллинжерге болжошкон жерден жолугуп алып кеттим. Токойго келгенче өлүмдөн кайт деп көндүрүп келе жаттым. Ал макул болгон жок. Эл жок жерге келгенде өзү менен ала келген тапанчасын мага берди. Мен аны атып өлтүрүп, ошол жерге таштап кетип калдым", - деп көрсөтмө берген Лопес.

Полиция кызматкерлери маркумдун телефонунан кылмышкер менен жазышкан жүздөгөн билдирүүлөрдү табышкан. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгында кыздын канын текшерүүдөн соң, өлүмгө алып келе турган дозада героин колдонгону аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Жозеф Лопести адам өлтүрүүнүн 2-баскычында күнөөлүү деп табышкан. Бул баскычта айып тагылган кылмышкер өлүм жазасынан куткарылып, бир нече жылга кесилет. Лопес 48 жылга эркинен ажыратылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asil-08
2018-12-06 10:27:00
Тобаа кылдым
+2
ZMirbek.4455
2018-12-06 12:34:10
Жашоодон тажаганго
+1
Begaiko
2018-12-06 12:38:18
Эмне пайда тапты дейм да
+1
kansuluu
2018-12-06 13:35:46
Экоо тен аябай тусу суук адамдар экен.
+5
Defend.
2018-12-06 22:06:43
Шумдугуң кургур!
+2
Nurizaumar
2018-12-06 22:24:24
Супер инфо кылмышкердин жузун жаап койчу элего. Табышмак кылып.
+1
Nurizaumar
2018-12-06 22:25:24
Дагы А.Д. Р.М НЫ АТЫП ОЛТУРДУ ДЕП
+1
Matahara1980
2018-12-07 00:01:51
Даа закон есть есть Америкада , а биздечи наоборот киши олтургучторду коргоп турушат, зоокурлорду коргоп турушат кыздар озу куноолу деп, тупизм тупизм тупизм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан