Нурбек Касымбеков президенттин Жогорку Соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Аталган маалыматты өздүк булактар тастыктады.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков аталган буйрукка 12-ноябрда кол койгон. Аталган маалыматты президенттик аппараттан тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
Нурбек Касымбеков аталган кызматта 2015-жылдын ноябрынан бери иштеп келген. Ал КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон. Касымбеков учурда "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" саясий кеңешинин мүчөсү.