Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан кармалганы тастыкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын SUPER.KG'ге тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, Жунусов учурда Азербайжандын Баку шаарында.

Пискур аны Кыргыз жерине өткөрүп алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Бирок кайсы күнү кармалганын айткан жок.

Буга чейин Азербайжандын жергиликтүү ЖМКлары Жунусов Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалганын жазышкан.

Адамкул Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан Интерпол эл аралык издөө уюму аркылуу изделип жаткан. Ага ушул жылдын август айында издөө жарыяланган.

Жунусовго 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2018-12-05 18:23:43
Чынында коп жеген жарылат баарыбир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан