Парламентте аймактык ооруканаларды "Тез жардам" унаасы менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 5-декабрда парламенттик жыйында “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды.

Анда депутат Зиядин Жамалдинов аймактардагы ооруканаларда "Тез жардам" унаасы жок экенин айтып "муну чечүү жолдору каралып жатабы?" деп сурады.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шаардан алыс жерлерди "Тез жардам" унаасы менен камсыз кылуу жолдору изделип жатканын билдирди.

"2019-жылдын бюджеттик программасына "Тез жардам" унаасы боюнча маселени да карайбыз. Анткени шаардан алыс аймактарды "Тез жардам" унаасы менен камсыздоо биздин артыкчылыктуу тармактарыбыздын бири болуп саналат", - деди министр.

Мындан тышкары аймактарга дарыгерлерди тартуу иштери жүрүп жатканын министр кошумчалады.

"Ушул жылдын 1-октябрынан баштап дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу менен депозиттер берилип, аймактарга дарыгерлерди тартып жатабыз", - дейт саламаттыкты сактоо министри.

Аталган мыйзам биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан