Таман изи менен кышында кардын бетине, жайында кум үстүнө сүрөт салган британиялык сүрөтчүнүн эмгектери

Британиялык сүрөтчү Саймон Бек Альпы тоолорундагы кардын үстүнө түшүргөн сүрөттөрү менен белгилүү. Ал 10 жылдан ашуун убакыттан бери буттун изи менен математикалык чиймелерди түшүрүп келет. Бир сүрөттү түшүрүү үчүн ал 11 саат убактысын жана 30 километр жерди басат. Айрым учурда сүрөт тартуу бир нече күнгө созулуп кетет. Мисалы, бир сүрөттү түшүрүү үчүн Саймон 4 күн жүргөн. Бул учурду сүрөтчү тажрыйбасындагы эң оор эмгектердин бири деп белгилеген.

Өзүн "кар сүрөтчүсү" деп атаган Саймон кар үстүнө алгачкы жолу 2004-жылы эс алууга чыкканда сүрөт салган. Ошондон кийин жер кезип, сүрөт салууга ыңгайлуу жерлерди изилдей баштаган.

Сүрөтчүнүн белгилүү иштеринин бири Якутиянын талаасындагы ажыдаардын сүрөтү болгон. Аталган сүрөттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт. Дагы бир алкоого татыктуу эмгектеринин бири 11 футбол талаасына түшүргөн геометриялык саймалар болгон. Саймон Бек бир кышта 30га жакын сүрөт түшүрөт.

Британиялык сүрөтчү быйыл эмгектеринин арасына өзгөчөлүк киргизди. Тагыраагы, Саймонго америкалык миллионер кайрылып, көл жээктеги кумга сүрөт түшүрүп берүүсүн суранган. Бул сунушту кабыл алган Саймон иши бүткөндөн кийин жай мезгилин Брин жээгинде өткөргөн. Анткени кум үстүнө сүрөт салууну жакшылап өздөштүрүү үчүн убакыт керек болгон.

"Силер эс алуу үчүн тоо-лыжа базасына барганда балдардын кар үстүнө салган сүрөттөрүн көрөсүңөр. Жаштар көпчүлүк учурда маанисиз сүрөттөрдү салышат. Мисалы, Сүйүшкөндөр күнүндө айлананы жүрөктүн сүрөттөрү каптап калат. Мен түшүргөн сүрөттөр менен жаштар тарткан сүрөттүн айырмасы анын көлөмүндө. Менин сүрөттөрүмдүн жанында көрүүчүлөр кымындай эле болуп калат", - деген ал маектеринин биринде. Ырасында эле Саймон Бектин сүрөттөрүн бир гана бийиктиктен көрүүгө болот.

Саймон Бек 56 жашта. Ал билими боюнча инженер, кесиби боюнча картограф (географиялык карталар жөнүндөгү илим), спорттук оюндардын ветераны. Лыжа тебүүнү жактырат. Сүрөт тартуу анын хоббиси. 10 жыл аралыгында кар үстүнө 175 сүрөт түшүргөн. Ал өзүнүн негизги куралы деп компасты, жипке асма салмоорду жана кадамын белгилеген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
anonymous
2018-12-06 13:46:34
Канча бут кийим жыртты экен
-2
Mars575
2018-12-06 13:55:23
Башка иши жок бекен а, тооба кылдым
0
zzz---zzz
2018-12-06 14:20:28
Чоң атасынын аты Бекби дейм Саймон Бек дегенине караганда
+1
Jasa
2018-12-06 14:23:05
Конулду которот го
+5
futboler
2018-12-06 16:25:45
Азаматсың Сүймөнбек
+14
ludimira
2018-12-06 20:16:30
Бул да Бир хобби да
+4
Yago.limon
2018-12-06 22:06:13
Хоббиси укмуш экен,сонун))))
+5
Medina87
2018-12-06 23:03:29
Адамзаты бул жашоого бир гана рет жаралабыз жана оз каалаганыбыздай жашагыбыз келет.
Ар бирибиздин оз ой максаттарыбыз бар....
+3
bubush
2018-12-06 23:25:01
кандай сонун
+4
Benazir08
2018-12-07 02:20:02
Соонун экен ийгилик эмкисин Алайдын талаасына келип тартсын карга соонун тушот
+3
Zaina
2018-12-07 03:02:59
Америкада же Европада фамилия эч качан алмашпайт. Чон атасынын атын фамилия кылуу деген нерсе жок. Булардын фамилиясы Back болушу мумкун и бул жон гана фамилия, эч кимдин аты эмес. А мындай хобби бул акча жасоонун бир туру.
0
Aima94
2018-12-07 04:41:00
Красота
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан