Депутат Марлен Маматалиев: “Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү керек”

Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.

Эл өкүлү белгилегендей, инвестиция тартуу үчүн атайын агенттик түзүлгөн.

“Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги мурда Экономика министрлигинин алдындагы департамент болчу. Кийин өзүнчө премьер-министрдин алдындагы эч кимге баш ийбеген агенттик болуп түзүлгөн. Ал агенттиктин милдети инвестиция тартуу, мамлекетке ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө аталган агенттик инвестицияларды тартуу жолун, механизмин иштеп чыгышы керек. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” деген мыйзам бар. Бул мыйзам инвестиция тартуу үчүн кабыл алынган. Ушунун негизинде ай сайын же квартал сайын тендер өткөрүлүп турса жакшы болмок.

Чаткалда кенге байланыштуу болгон окуя сөзсүз түрдө инвесторлордун келишине тоскоол болот. Ошондуктан мындайга жол бербеш үчүн фирмаларга лицензия берерде коомдук угуу уюштуруп, эл менен акылдашуусу шарт. Мунун үстүнөн дагы түздөн-түз аталган агенттик иштеши керек. Келген инвесторлордун бардыгына шарт түзүп берүү зарыл. Ошондой эле аларды маалымат менен камсыз кылуу шарт”, - дейт Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, эксперт Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экономисттер Нургүл Акимова менен Кубан Чороевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан