Айыл чарба министрлиги: "Өзбекстандагы 45 ишкана биздин дыйкандардын картошкасын сатып ала турган болду"
Быйыл өлкө аймагында картошка айдаган дыйкандар мол түшүм алып, бирок сатууда кыйынчылыктарга туш болушканы айтылган. Айыл чарба министрлигинен бул маселенин чечүү жолдорун карап чыгышарын маалымдашкан.
Министрликтин өкүлү Амангелди Исаев дыйкандардын картошканы сатууга байланыштуу маселесин чечүү боюнча эки ирет Ташкент шаарына барып келишкенин билдирди. Ал учурда картошканын экспорттолуп жатканын белгилеп, сүйлөшүүлөр дале уланарын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө картошка Өзбекстанга, Түркмөнстанга сатылып жатат. Орусияга да аз көлөмдө экспорттолду. Бизде түшүм мол болуп, дээрлик 1 жарым миллион тоннага жетти. Казакстанда болсо картошканын түшүмү 3 жарым миллион болгон. Буга чейин бизден картошканы Өзбекстан алып жүргөн. 1-2 жыл мурун ал жакта картошканын оорусу чыгып аны токтотуу үчүн алар картошканы айдабай турган болушкан. Бирок быйыл өздөрү айдап, түшүм өздөрүнө жетиштүү болгон. Ошентсе да квота берилип, сатып ала турган болушту. Биз Ташкентке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барганда алар 17 ишкана Кыргыз жеринен картошканы алып кете турганын айтышкан. Ошонун эртеси эле бизден 60 тонна картошка экспорттолду. Биздин делегация кечээ барып дагы сүйлөшүп келишти. Мурунку ишканаларга кошуп жалпы 45 ишкана картошканы сатып ала турган болду. Азыр алар келип дыйкандар менен келишимдерди түзүп жатышат", - деди ал.
Ошондой эле жакын арада 45 ишкананын өкүлдөрү менен Бишкекте жолугушуу уюштуруу пландалып жатканын айтты.