ЖЫЛНААМА, 6-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 50 жашка толду

1968-жылы 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. Садыр Жапаров карапайым үй-бүлөдө туулган. Ата-энеси айылда дыйканчылык менен алек болуп, 11 баланы чоңойткон.
Бала чагын Кең-Суу айылында өткөргөн эл өкүлү 9-классында Бишкек шаарындагы №1-интернатка келип окуп калат. Спортко жакын өсүп, дайыма дене тарбиядан "5" алып жүргөнү үчүн Дене тарбия институтуна тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болуп, кийинчерээк юридикалык жактан билим алган.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин ички иштер органдарында иштеп, анан көпчүлүктүн толкуну менен Садыр Жапаров да бизнеске оойт. “Саясатка аралашам деп элестетчү да эмесмин, бирок 1997-1998-жылдарда бийлик ишкерликке өтө эле кийлигише баштады. Бизнесмендерди тоноп, көз көрүнөө бизнесин тартып алмай күчөдү. Ошентип алар менен күрөшүү үчүн саясий чөйрөгө келип калдым”, - дейт.

Ал күйүүчү май, нефть жана газ тармактарында иш алып барган. Негизинен, Ысык-Көл жана Нарын облустарын камсыздап турушчу. Айтмакчы, мектеп курагында химия сабагы менен дос болбогон Садыр Жапаров ишкерликти ийгиликтүү улантуу үчүн унаасына химия китептерин салып алып окуп жүргөн. Көл кылаасында кичи заводдорду куруу үчүн ал китептерди барактап чыгууга туура келген. Химия менен тил табышпаганы эле болбосо, мектепте тарых, кыргыз адабияты жана математика сабактарын жакшы окуган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты,
2008-2009-жылдары Паракорчулук менен күрөшүү боюнча агенттиктин комиссары,
2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер комитетинин төрагасы,
2010-жылы "Ата Журт" партиясынын штабынын башчысы,
2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты,
2012-2013-жылдары Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасынын орун басары.

2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Үй-бүлөлүү, 3 уул жана 1 кыздын атасы.
6-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан