"Парламентке акарат айткандар кичине тизгинин тартса жакшы болмок". Мындай пикирин парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.
Ал быйыл парламентке 80 жыл толгонун айтып, аталган орган өз миссиясын аткарып келгенин кошумчалады.
"Кээ бир саясатчылардын парламентке айткан сынынан улам бир маселени белгилеп коюуну туура көрдүм. Парламент депутаттары V-VI чакырылыштарда жаңы нормалар менен шайланды. Гендердик теңдик, жаштар, социалдык баланс маселелери эске алынды. Алар жаңы технология менен шайланып келишти. "Парламент - бул биржа. Базаркомдор отурат" деген сөздөр жалпы парламентке шек келтирип жатат. Ким ошондой болсо, так ошол адамга айтсын. Парламентке акарат айткандар кичине тизгинин тартса жакшы болмок", - деди Бакиров.