Бишкекте унаасынан 3 жүргүнчүсүн зордуктоого аракеттенген таксисттен жабыркагандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кардарларын зордуктоого аракеттенген таксист 27-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Анын үстүнөн жазылган арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, ал 2 айга камакка алынган.
"Окуя тууралуу видео тарагандан кийин жабырлануучу өзү милицияга келип арыз жазган. Андан соң 49 жаштагы Б.Ч. аттуу таксисттин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттеринен жабыркаган дагы 2 шаар тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Эгер анын мындай мүнөздөгү аракеттеринен башка дагы жабыркагандар болсо Октябрь РИИБине же (0559) 10-27-92 номуруна кайрылса болот", - деп билдиришти милициядан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: