Адылбек Касымалиев каржы министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан таратышты.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков Касымалиевдин отставкасын кабыл алып, аны кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Касымалиев 2015-жылдан бери аталган кызматта иштеп келген.
Адылбек Касымалиев 1960-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Долон айылында туулган. Ал 1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
1984-1988-жылдары - Кыргыз ССРинин Экономика институтунун кенже илимий кызматкери;
1988-1990-жылдары - Жол-курулуш батальону финансылык кызматынын башчысы;
1990-1994-жылдары - Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
1994-1996-жылдары - Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары;
1996-2002-жылдары - министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2002-жылы - Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
2002-2005-жылдары - Каржы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин төрагасынын биринчи орун басары;
2007-2009-жылдары - Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары;
2009-2010-жылдары - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
2010-2011-жылдары - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
2011-2012-жылдары - экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2012-жылы - экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
2012-2015-жылдары - экономика министринин орун басары;
2015-жылдан тарта каржы министри болуп эмгектенип келген.