Кызматтан бошотулган каржы министринин ордуна Бактыгүл Жээнбаева келери айтылып жатат

Бүгүн, 6-декабрда кызматынан бошотулган каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна Бактыгүл Жээнбаева келери айтылып жатат.

Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өкмөт Жогорку Кеңешке талапкер көрсөткөндөн кийин аны парламент бекитерин, андан соң президент кол коёрун айтты. Жээнбаеванын каржы министри кызматына талапкерлиги көрсөтүлөрү тууралуу өкмөттөн маалымат беришкен жок.

Каржы министри Адылбек Касымалиев эртең, 7-декабрда маалымат жыйынга катышууну пландап жатканы маалым болду. Анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгондугу боюнча министрликке байланышканыбызда "министр кечээ өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бүгүн президент арызын кабыл алды", - деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан