Дүйнөдөгү эң картаң интернет блоггер аял 108 жашында каза болду
"Биз адегенде тамак-аштын даярдоо ыкмаларын өзүбүздү алаксытуу үчүн эле тартчубуз. Бирок аны каналга жүктөгөндө бат эле популярдуу болуп кетти. Шаарда жашаган адамдар улуттук тамак-аштарды даярдоону унутуп калышат. Мен аларга биздин ата-бабаларыбыз улуттук тамактарды кантип даярдашканын көрсөтүп берүүнү ойлонуп жүрүп, ага ылайыктуу адам деп чоң энемди тандадым. Ал менен биргеликте каналды ишке киргиздик", - деген Мастанамманын чөбөрөсү Лакшман.
Маалыматтарда жазылгандай, Мастанамма башка жаш блоггерлерден өзүнө атайылап көңүл бурдуруу аракеттерин жасабагандыгы менен айырмаланчу. Ал бардык видеолорунда өзүнүн кадимки эле жашоосун көрсөтүү менен тамак-аштын жасалыш жолун чагылдырып берген. Анын каналына катталуучулардын саны 1 миллион 200 миңге жеткен. Акыркы убактарда ал видеодон көрүнбөй кеткен. Кийинчерээк блоггер аялдын ооруп жүрүп каза болгону белгилүү болду. Жүздөгөн күйөрмандары аны издеп, жакындарына көңүл айтып жаткан учуру.