"Супер сулуу-2008" наамынын ээси Чинара "Тамашоу" Лигасынын директору Нурлан Жаныбековго турмушка чыкты
"Супер-Инфо" гезити уюштурган “Супер сулуу-2008” сынагын жеңип, Малайзияда эс алып келген Чинара Керимкулова “Тамашоу” Лигасынын директору Нурлан Жаныбековго турмушка чыкты. 3 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн эки жаштын үйлөнүү тою кечээ Бишкектеги кафелердин биринде өттү. Тойдо Нурлан менен Чинаранын жакындарынан тышкары "тамашоучулар" менен ырчылар да конок болуу менен бирге өз өнөрлөрүн тартуулап, бакыт каалап кеткени маалым болду. Биз да өз кезегибизде эки жашты куттуктайбыз! Куш бооңор бек болсун! Түбөлүккө бактылуу болгула!