Депутат Мирлан Жээнчороев: "50 миң долларлык пара боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга биринчи кезекте премьер-министр кызыкдар болушу керек"

Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.

SUPER.KG порталы "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Анын айтымында, мыйзамда "министрдин орун басары пара менен кармалса, премьер-министр отставкага кетиш керек" деген жобо жок.

"Азыркы учурда өкмөт "эмне себептен мындай коррупциялык мүмкүнчүлүк болуп калды?" деген суроонун үстүнөн иштеп, ошолордун баарын жокко чыгарышы керек. Экинчиден, бул окуя - коррупция менен аёосуз күрөштүн сигналдарынын бири. Кимдин күнөөсү болсо, ал толугу менен жооп бериши керек.

Эми иликтөө жүрөт, анын жыйынтыгы чыккандан кийин өкмөткө да, кызмат ээлеген адамдарга да чара көрүү зарыл. Тиешелүү парламенттик комитеттер бул маселени талкуулап, милдеттүү түрдө сурашы шарт. Эгер кандайдыр бир жылчыктар болсо, мыйзам менен иреттеп көрүшүбүз керек. Анткени тендердик комиссия көптөгөн мамлекеттик органдардын мүчөлөрүнөн турат. "Көп адамдан турган коллегиялык комиссияны кантип бир адам чечип калды?" деген суроого жооп издеш керек. Бул окуя жалпы өкмөткө аброй алып келбейт. Өкмөттүн аброюна сөз тие турган абал болду. Ошол себептен премьер-министр өзү баш болуп иликтөө иштери аягына чейин адилеттүү жүрүшүнө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга кызыкдар болуш керек", - деди Жээнчороев.

Укук коргоочу Рита Карасартова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Игорь Шестаков, жарандык активист Канат Мидин уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан