Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.
SUPER.KG порталы "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна Укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Анын айтуусунда, премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетүү же кетпесин өзү чечет. Анткени мыйзам боюнча өкмөт башчынын жумуштан кетүүсү каралган эмес.
“Чет өлкөдө өкмөт алып келген адамы пара менен кармалса же кандайдыр бир мыйзамга туура келбеген иш жасаса, мен элдин алдында уят болдум, деп премьер-министр отставкага кетет. Негизи мыйзам боюнча премьер-министрдин жумуштан кетүүсү каралган эмес. Ошондуктан биздин өкмөт башчылар кана, кайсы беренеде премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керектиги жазылган деп мыйзамга такап тура беришет. Бизде антип кетип калган өкмөт башчыны көрө элекмин. Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганын чоң талкууга алып, мунун артында ким турат жана министрликтеги кызматка аны ким алып келгени талкуулануусу керек. Анткени коомдук пикирдин арты менен кийинки чиновниктер мындай кадамдарга барбайт”, - дейт укук коргоочу.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Игорь Шестаков, жарандык активист Канат Мидин уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.