Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: “Азыркы өкмөткө бул окуясыз эле отставкага кете турган себептер жетиштүү болчу”

Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.

SUPER.KG порталынын "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Ал транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы азыркы башкаруу системинин коррупцияга батканынын дагы бир далили болуп саналарын билдирди.

“Биринчиден, паранын көлөмү азыркы башкаруу системинин коррупцияга батканынын дагы бир далили болуп саналат. Президент коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө өзүнүн ишенген өкмөтү тарабынан дайындалган адамынын мындай чоң суммадагы пара алганы, анын аброюна терс таасирин тийгизет. Биздин саясатта, тилекке каршы, саясий же моралдык жоопкерчилик жок.

Албетте, өкмөт башчы жоопкерчиликти алып, отставкага кетиши керек. Эгер кетпесе, бул өкмөт мыйзамсыз делип, элдин ишеничинен чыгып калат. Ошондой эле президенттин саясатына жооп бербеген өкмөт болуп калуусу толук мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдө өкмөт мүчөсү мамлекеттик эсептеги автоунааны жеке максатта колдонгону үчүн да отставкага кеткен учурлар болгон. Азыркы өкмөткө бул окуясыз эле отставкага кете турган себептер жетиштүү болчу. Бирок бүгүнкү окуя бүт бийликке болгон ишеничти кетириши мүмкүн. Ошондуктан президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңеш да кандайдыр бир радикалдуу иш-чара жүргүзүүсү зарыл”, - дейт Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, жарандык активист Канат Мидин уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан