Бүгүн транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ал премьер-министрдин квотасы менен кызматка келген болчу.
SUPER.KG порталынын "Премьер-министрдин койгон адамы пара менен кармалса, премьер отставкага кетиши керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.
Анын айтымында, транспорт жана жолдор министринин орун басарынын ири суммадагы пара менен кармалганы премьер-министрге көлөкө түшүрдү.
"Бир жагынан караганда, аталган окуяда премьер-министрдин жоопкерчилиги бар. Экинчи жагынан караганда, премьерге ошол адамды ким сунуштаган? Ошону дагы билиш керек. Бүгүнкү күндө премьер-министр мурункулардай эле алсыз болуп жатат. Алмазбек Атамбаевдин убагында деле алсыз болгон. Мындай чоң кызматка адамдын кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, моралдык-этикалык жагын карап туруп чакырыш керек. Эгерде министрдин орун басары жарым миллион доллар пара талап кылып жаткан болсо, анда министр кандай пара алат болду экен деген суроо туулат. Ал окуя премьер-министрдин беделине да шек келтирди. Эл арасында "чиновник параны премьерге, президентке алып барса керек эле" деген сөздөр айтылып жатат.
Коррупцияны жоюу боюнча жооптуу адамдын ушундай ишке аралашканы резонанстуу окуя болуп саналат. Андай адамдар мамлекеттик жогорку кызматтарда турушат, ошондуктан бул систем менен коррупцияны жеңе албайт экенбиз. Бир четинен алсак, премьер-министр отставкага кетиши керек, бирок биз жыл сайын премьерлерди алмаштыра берип, экономика алдыга жылбай жатат. Бул мурунку эле Атамбаевдин курган системи болууда", - деди Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Канат Мидин уулунун пикири төмөнкү шилтемеде.